Государственное предприятие "Кыргызкомур"
при Министерстве энергетики Кыргызкой Республики
Previous
Next

Спорт-ден соолуктун булагы деп айтылып келет эмеспи. Бирок, акыркы учурларда жергебизде массалык спорт көңүл кырынан четте калып келген. Саясый иш-чаралардын учурунда гана эл көңүлүн бурдуруу үчүн бир жолку спорттук оюндар уюштурулбаса калган учурда аны эстеген жан жок. Анткени Союз убагында жалпы калкты спортко тартуу менен ай сайын өткөрүлүп турчу иш-чаралар союз тараары менен токтогон. Бул тармакка акыркы 30 жылда эч ким деле көңүл бурбай калган.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “2024-34-жылдарда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү” жаатындагы Жарлыкка кол койгондон баштап, массалык спортко болгон кызыгуулар жандана баштады. Ага ылайык өлкөбүздүн бардык аймактарында футбол оюнун өнүктүрүү, жаштарды кызыктыруу, тартуу, ден-соолукту чыңдоо, кам көрүү чаралары камтылган иш-чаралар колго алына баштады.
Мына ушул Жарлыкты жетекчиликке алуу менен өлкөбүздөгү мекеме-ишканалардын, жамааттардын ортосунда футбол оюндарын уюштуруу жана ич ара мелдештерди өткөрүү иштери жандана баштады.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты да президенттин бул Жарлыгын жетекчиликке алуу менен футбол оюнун жандандыра баштады. Өткөн ишемби күнү мекеменин кызматкерлери Жылуулук Энерго Борборунун спорт аянтчасында өз ара мелдеш өткөрүштү. Кабинеттерде эле жылуу креслодо отуруп алып мээнет кыла бербестен спорт аянтчасына чыгып да арам терди чыгарып, булчуңдарды иштетип турса жакшы болоорун жамаат оюндун жүрүшүндө сезишти. Мындан ары “Кыргызкөмүрдүн” жигиттери футбол оюнун системалуу түрдө ойноп турууну чечишти.

Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.