Государственное предприятие "Кыргызкомур"
при Министерстве энергетики Кыргызкой Республики
КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей
2024-жылдын 28-март күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкананын жетекчилиги менен жолугушту. Тагыраак айтсак Акылбек Жапаров Нарын областына болгон иш-сапарында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышып, өткөн жылытуу сезонун жыйынтыктап жаткан ишкананын быйылкы 2024-жылдагы даярдык иштеринен кабар алды. Борбордук участканын көмүрдү топурактан тазалоо жана төгүү жайын көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Быйылкы сезондо иштеп баштаган Кара-Кечедеги электрондук кезек шлагбауму менен накталай эмес төлөм системасынын ишмердигине Өкмөт башчысы ыраазы болду.
Ушул эле күнү Акылбек Жапаровдун катышуусунда жалпы суммасы 211 млн. 125 миң сомду түзгөн HOWO үлгүсүндөгү 20 жүк түшүрүүчү оор техника, 4 экскаватор, 2 жүктөөчү техника жана 1 бульдозер тапшырылды. Бул техникалар ишкананын каражатына алдын-ала бөлүп төлөө аркылуу сатып алынууда.

Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.