Categories: Новости

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышты

КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей
2024-жылдын 28-март күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкананын жетекчилиги менен жолугушту. Тагыраак айтсак Акылбек Жапаров Нарын областына болгон иш-сапарында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышып, өткөн жылытуу сезонун жыйынтыктап жаткан ишкананын быйылкы 2024-жылдагы даярдык иштеринен кабар алды. Борбордук участканын көмүрдү топурактан тазалоо жана төгүү жайын көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Быйылкы сезондо иштеп баштаган Кара-Кечедеги электрондук кезек шлагбауму менен накталай эмес төлөм системасынын ишмердигине Өкмөт башчысы ыраазы болду.
Ушул эле күнү Акылбек Жапаровдун катышуусунда жалпы суммасы 211 млн. 125 миң сомду түзгөн HOWO үлгүсүндөгү 20 жүк түшүрүүчү оор техника, 4 экскаватор, 2 жүктөөчү техника жана 1 бульдозер тапшырылды. Бул техникалар ишкананын каражатына алдын-ала бөлүп төлөө аркылуу сатып алынууда.

admin

Recent Posts

Энергетика министри Т.Ибраев тарифтин өзгөрүшү боюнча өз пикирин билдирди

Урматтуу достор, Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин. Кыргызстанда…

7 дней ago

Пресс-центр

Previous Next "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-апрель, 2024-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык…

3 недели ago

Мен таза болсом, сен таза болсон, коом да таза болот!

Previous Next Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жергебизде ишембилик өтүп жатат. Энергетика министрлигинин…

3 недели ago

Спорт — ден соолуктун булагы

Previous Next Спорт-ден соолуктун булагы деп айтылып келет эмеспи. Бирок, акыркы учурларда жергебизде массалык спорт…

4 недели ago

УГОЛЬ-ОСНОВА РАЗВИТИЯ ВСЕЙ ПРОМЫШЛЕННОСТИ КЫРГЫЗСТАНА

Именно на эту тему сегодня провели заседание круглого в Академии наук Кыргызской Республики, где от…

5 лет ago