Урматтуу достор,
Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин.
Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган.
Ушул жылдын биринчи майынан баштап жогорулатуу 10,8 пайызды же 11 тыйынды түздү. Жыл сайын жогорулатуу боюнча чаралар акырындык менен электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды керектөөчүлөр үчүн тарифтерге теңдештирүү зарылдыгы менен шартталган.
Өткөн 2023-жылы электр энергиясынын бир кВт/с өздүк наркы 2,41 сомду түзгөн, мында калк керектөөчүлөр үчүн тариф 1-майга чейин 1 сомду түзгөн. 700 кВт/саатка чейин коюлган градацияны эске алуу менен тартыштык орточо алганда, 1,34 тыйынды түзөт.
Ар бир колдонулган кВт/саат электр энергиясы көйгөй жаратып, ал жыл сайын тездик менен топтолуп келе жатат. Күз жана кыш мезгилдериндеги чоң күч келгенде жабдууларды даярдоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Министрлер Кабинети бюджеттен бөлүп берет.
Ошону менен, жаңы мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана башка маанилүү долбоорлорду курууга делген мамлекеттин каражаты энергетикага жумшалып, көйгөйлөр чечилбей келет.
Previous Next "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-апрель, 2024-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык…
Previous Next Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жергебизде ишембилик өтүп жатат. Энергетика министрлигинин…
Previous Next Спорт-ден соолуктун булагы деп айтылып келет эмеспи. Бирок, акыркы учурларда жергебизде массалык спорт…
КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей2024-жылдын 28-март күнү министрлер кабинетинин…
Именно на эту тему сегодня провели заседание круглого в Академии наук Кыргызской Республики, где от…