Categories: Новости

Мен таза болсом, сен таза болсон, коом да таза болот!

Previous
Next
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жергебизде ишембилик өтүп жатат. Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты президенттин демилгесин колдоп, ишембиликке чыгышты. Жаздын демине шыктанышкан кыргызкөмүрчүлөр атайын бөлүнүп берилген участоктун жээктеринен таштандыларды чогултушуп, мизилдете шыпырып, тазалап чыгышты. Чогултулган таштанды, мусорлорду бир жерге топтошуп, «Тазалык» ишканасына өткөрүп беришти.
Эми ишкананын филиалдарында жасалган жумуштарга токтололу.
Кара-Кече филиалы.
Кара-Кече көмүр кенинен башталган ишембилик мекеменин имаратынын айланасында да жүрүп жатат. Кенге бара жаткан жол жээктери таштандылардан тазаланды. Филиалдын имаратынын айлана-тегереги таштандылардан тазалангандан тышкары көчөт отургузуу жумуштары колго алынды. Актап-сырдашты. Жамаат ишембиликти уюшкандыкта өткөрүштү.
Миң-Куш филиалы.
Филиалдын жамааты ишкананын имаратынын айлана-тегерегин тазалап, актачу жерлерди актап-жууп чыгышты. Эски бак-дарактарды ирээттеп, бел кырчоосуна чейин акташты. Бул аймакка жаз кеч келгендиктен көчөт отургузуп, көрктөндүрүү жумуштары бир аз кийинчерээк колго алынмай болду.
Түштүк филиалы.
Түштүк жергесинде жаз эрте келгендиктен ишембилик көчөт отургузуу менен коштолду. Алгач Түштүк филиалдын жамааты мекеме имаратынын айлана-тегерегин тазалап, таштандылардан арылткан соң имараттын керектүү жерлери актап-сырдалды. Андан соң Президенттин «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында жаш арчаларды отургузушту.
admin

Recent Posts

Энергетика министри Т.Ибраев тарифтин өзгөрүшү боюнча өз пикирин билдирди

Урматтуу достор, Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин. Кыргызстанда…

1 неделя ago

Пресс-центр

Previous Next "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-апрель, 2024-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык…

3 недели ago

Спорт — ден соолуктун булагы

Previous Next Спорт-ден соолуктун булагы деп айтылып келет эмеспи. Бирок, акыркы учурларда жергебизде массалык спорт…

4 недели ago

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышты

КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей2024-жылдын 28-март күнү министрлер кабинетинин…

1 месяц ago

УГОЛЬ-ОСНОВА РАЗВИТИЯ ВСЕЙ ПРОМЫШЛЕННОСТИ КЫРГЫЗСТАНА

Именно на эту тему сегодня провели заседание круглого в Академии наук Кыргызской Республики, где от…

5 лет ago