2025-жылдын 27-июнунда КР Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур Токтобаевич иш сапары менен Кара-Кече көмүр кесимине барды. Сапардын алкагында ал “Кара-Кече” көмүр кесиминдеги ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата көмүр казып алуу жана жеткирүү иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алды. Мындан сырткары, алдыдагы жылытуу сезонуна даярдыктарды ыкчамдатуу максатында бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, өндүрүштүк пландардын так жана үзгүлтүксүз аткарылышын камсыздоону белгиледи.