Кыргыз Комур

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундарынын көмүрдү экспорттоо маселеси боюнча кайрылуусун карап чыгып, төмөнкүдөй маалымат билдирет.

Кайрылууда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-мартында кабыл алынган №119 токтомуна токтоло кетсек.

Аталган токтомго ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 18–сентябрына чейинки мөөнөт аралыгына, Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган жана бул чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү экспорттоодо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт деп көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, автомобиль транспорту менен көмүрдү экспортто, “Иркечтам-автожолу” жана “Торугарт-автожолу” өткөрмө пункттарынан тышкары «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилген.

Аталган чектөөлөрдүн негизги максаты — ички рынокто, өзгөчө күз-кыш жылытуу мезгилинде көмүр тартыштыгын алдын алуу, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, көмүрдүн баасынын туруктуулугун кармоо, калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу, көмүр контрабандасына бөгөт коюу, экспортко чыккан көмүрдүн баасын реалдуу наркка шайкеш келтирүү, көмүр өндүрүүчүлөрдүн кирешесинин жана салык базасынын ачык айкындуулугун камсыз кылуу болуп белгиленген.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы көмүрдү экспорттоо ишмердүүлүгүндө бардык катышуучуларга тең жана адилеттүү шарттарды түзүү принциптерин карманып келүүдө.

Сатып алуулар толугу менен ачык-айкын жол жоболор аркылуу жүргүзүлүүдө жана ага ички рыноктун бардык ишмерлери, алардын ичинде көмүр казып алуучу ишканалар — шахталар катыша алышат. Көмүр өндүрүүчүлөргө экспорт маселесинде эч кандай тоскоолдуктар жок.

 

Ага далил катары, Сүлүктү көмүр казуучу 11 ишкана менен жалпы суммасы 1 млрд 60,7 млн сомдук же 191,7 миң тоннадан ашык көлөмдү камтыган сатып алуу келишимдери түзүлгөн жана күчүндө, анын ичинде БК маркасындагы 62,7 миң тоннага, БР маркасында 61,3 миң тоннага жана БСШ маркасындагы (майда көмүр) 67,7 миң тоннага. Көмүрдүн маркасына жараша баалары бир тоннасына 1000 сомдон 9500 сомго чейин белгиленген. Бүгүнкү күндө да түшкөн суроо-талаптарга ылайык, көмүр өндүрүүчүлөр үстүдөгү келишимдердин алкагында көмүр сатууга укуктуу.

Катта көрсөтүлгөн “Сүлүктү көмүр өндүрүүчү ишканалары БСШ көмүрүн сата албай калды” деген билдирүү чындыкка дал келбейт, анткени 2024 – жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан Сүлүктү кендеринен чыккан БСШ маркасындагы көмүрдүн экспорттолгон көлөмү 72,4 миң тоннаны түздү.

Ал эми, 2025-жылдын ичинде 14-апрелге карата Сүлүктү ишканаларынын экспорттолгон көмүрдүн жалпы көлөмү 87,1 миң тоннаны түзсө, анын ичинен БСШ маркасындагы көмүрдүн көлөмү 40,8 миң тоннаны түзүүдө же жалпы көлөмдүн 46,8%.

2024-2025 жылдары (14/04/25) БСШ маркасындагы көмүрдүн экспорту 113,3 миң тоннага жакын болууда.

Белгилей кетчү жагдай, Сүлүктүнүн майда көмүрүн экспорттоого «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан эч кандай чектөөлөр болгон эмес жана болбойт, анткени көмүрдүн бул маркасы күнүмдүк тиричиликте калк тарабынан колдонулбайт жана өндүрүштүк зарылчылыктарга гана иштетилет.

Экспортко чыгуучу көмүрдүн маркасы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан эмес, чет өлкөлүк кардарлардын — импортерлордун суроо-талабына ылайык аныкталат. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы импортерлорду белгилүү бир маркадагы көмүрдү сатып алууга мажбурлоого укуктуу эмес, башкача айтканда, көмүрдүн ири же майда фракциясын сатып алууну аларга таңуулай албайт.

Сүлүктү көмүр өндүрүүчү ишканалары, “өндүргөн көмүрүн сата албай калды” деген билдирүүсү дагы чындыкка дал келбейт. Ага далил катары, 2024-жылы Сүлүктү кендеринен чыккан көмүрдүн жалпы экспорту 246,0 миң тонна болсо, 2025-жылдын 14 апрелине 87,1миң тоннаны, эки жылды кошо алганда 333,1 миң тоннага жакын түздү.

Кайрылууда көрсөтүлгөн “өндүрүлгөн көмүрдү реализациялоодо бир топ документация жана башка жасалма тоскоолдуктар пайда болду” негизсиз. Көмүрдү сатып алуу процедуралары эң эле жөнөкөйлөштүрүлгөн, катышуучу өзүнүн катоо күбөлүгүн, бухгалтердик балансын жана мамлекеттик салык органдарына карызы жок тууралуу шилтемесин тартуулайт. КРнын Министрлер Кабинети тарабынан, мамлекеттик ишканалар үчүн бекитилген сатып алуулар жобосунун алкагында гана иш алынып барылууда.

“БСШ маркасындагы көмүрдү тоннасына 600 сомдон сунуштап жатат” деген билдирүү дагы чындыкка дал келбейт, анткени бүгүнкү күндө шахталар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, шахталардын өзүнүн сунуштарынын негизинде БСШ маркасындагы көмүргө тоннасына 1000 сомдон кем эмес баа коюлган. Эгерде Сүлүктү көмүр өндүрүүчүлөрү Өзбекстан тараптан БСШ маркасындагы көмүрдү кымбат баада ала турган кардарлар тууралуу маалыматты киргизишсе, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө даяр.

Учурда көмүр экспортун жөнгө салуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы №707 токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Кабыл алынган мамлекеттик чечимдердин натыйжасында, Сүлүктү көмүр өндүрүүчү ишканаларынын мамлекеттик бюджетке төлөөнүүчү салык жана башка төлөмдөрү өстү, аны ишканалар өз кайрылуусунда дагы тастыктоодо.

Андан тышкары, 2023-2024-2025 жылдарынын күз-кыш мезгилинде түштүк регионунда көмүр тартыштыгына жана  баалардын кескин өсүшүнө жол берилген жок. Элди арзан көмүр менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 29 отун базалары ачылып тоннасына 6000 миң сомдон 7200 сомго чейин көмүр сатылды.

Каралып жаткан маселе боюнча КРнын Министрлер Кабинетинин кабыл алынган чечимдери, 3 жылдын ичинде өзүнүн жакшы натыйжаларын берди десек жаңылышпайбыз. Илгеркидей контрабанда жолу менен же болбосо чыгып жаткан көмүрдүн маркасын же баасын төмөндөтүү менен келишимдерди түзүп, түшкөн кирешени азайтуу менен салык төлөмдөрүн жашыруу аракеттерине катуу бөгөт коюлду.

КРнын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, 2024-жылы Өзбекстан Республикасына экспорттолгон жалпы көмүрдүн натуралдык көлөмүндө “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын үлүшү 20,1% түзсө, киреше жагынан 27,6% түздү, башкача айтканда “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы экспорттогон көмүр жалпы базардагы баадан кымбатыраак сатылып жатканына далил.

Андан тышкары, мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, көмүр өндүрүүчүлөр өзүлөрү Өзбекстан тарап менен түзмө түз келишимдерди түзүп иштеп жүргөн мезгилде, 2023-жылдары экспортко чыгып жаткан көмүрдүн орточо баасы тоннасына 3,2 миң сомду түзүп жүргөн болсо, “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы аркылуу иштеп баштаганда 2023-жылы 6,6 миң сомго, ал эми 2024-жылы 6,9 мин сомго жогорулады же болбосо экспортко чыгып жаткан көмүрдүн баасы эки эсе өстү.

Көмүр тармагындагы ишканалар “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен накталай эмес банк аркылуу эсептешүүлөргө жана расмий түрдө электрондук бухгалтердик эсеп кысаптардан өтө баштады. Мамлекеттик ишкана тарабынан, көмүр тармагындагы көмүскө экономиканы ачыка чыгаруу аракети оң жыйынтыгын берүүдө десек жаңылышпайбыз.

Көмүрдү экспорттоодо иштеп жаткан мамлекеттик механизм өз эффективдүүлүгүн көрсөттү жана бүгүнкү күндүн талабына толук жооп берүүдө, ошол себептен мындан ары дагы белгиленген багытта ишти улантуу зарыл деп эсептейбиз.

Кошумча белгилей кетчү жагдай, темир жол аркылуу көмүр экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан жөнгө салынбайт. Ошондуктан, көмүр өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк кардарлар менен альтернативдик болгон темир жол аркылуу көмүрдү алып сатуу боюнча келишимдерди түзүү менен иш алып барууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүндө ачыктыкты, адилеттүүлүктү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды негизги принцип катары карманат.

2025-жылдын 15 – апрелинде, Сүлүктү жер астындагы ыкма менен көмүр казуучу ишканалар ассоциациясынын кайрылуусун ар тараптуу жана толук кандуу кароо максатында «Кыргызкөмүр» мамлекеттикишкананын аянтчасында, Кыргыз республикасынын Энергетики министрлигинин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме уюштурулуп, көмүр казуучу ишканалар ассоциациясынын төрагасын угуу менен кеңири пикир алмашуу болду, жыйынтыгы менен жүргүзүлүп жаткан ишти мындан ары дагы жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштар кабыл алынгандыгын  белгилеп кетебиз.
_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Государственное предприятие «Кыргызкомур» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики, рассмотрев обращение жителей города Сулюкта Баткенской области по вопросу экспорта угля, сообщает следующая информация.

Остановимся на указанном в обращении постановлении Кабинета министров Кыргызской Республики от 18 марта 2024 года № 119.

В соответствии с данным постановлением на период с 18 марта по 18 сентября 2024 года временно запрещен вывоз угля с территории Кыргызской Республики автомобильным транспортом и указано, что эти ограничения не распространяются на государственное предприятие «Кыргызкомур» при министерстве энергетики Кыргызской Республики при экспорте угля автомобильным транспортом через пункты пропуска государственной границы Кыргызской Республики. То есть автомобильным транспортом разрешено перевозить уголь на экспорт только через государственное предприятие “Кыргызкомур”, за исключением пунктов пропуска “Иркечтам-автодорожный” и «Торугарт-автодорожный».

Основной целью указанных ограничений является предотвращение дефицита угля на внутреннем рынке, особенно в осенне — зимний отопительный период, обеспечение энергетической безопасности, поддержание стабильности цен на уголь, обеспечение населения дешевым углем, пресечение контрабанды угля, приведение цен на уголь на экспорт в соответствие с реальной стоимостью, обеспечение прозрачности доходов и налоговой базы производителей угля.

Государственное предприятие «Кыргызкомур» придерживается принципов создания равных и справедливых условий для всех участников деятельности по экспорту угля.

Закупки осуществляются по полностью прозрачным процедурам, и участвовать в них могут все участники внутреннего рынка, в том числе угледобывающие предприятия-шахты. В части экспорта угля никаких препятствий для производителей угля не имеется.

 

В качестве доказательства, с 11 Сулюктинскими угледобывающими предприятиями заключены и действуют договоры купли-продажи на общую сумму 1 млрд. 60,7 млн. сомов или более 191,7 тыс. тонн, в том числе на 62,7 тыс. тонн марки БК, 61,3 тыс. тонн марки БР и 67,7 тыс. тонн марки ТСШ (мелкий уголь). Цены на уголь в зависимости от марки установлены от 1000 сомов до 9500 сомов за тонну. Даже сегодня производители угля имеют право продавать уголь в рамках вышеуказанных контрактов в соответствии с поступившими запросами.

Указанное в письме утверждение «Сулюктинские угледобывающие предприятия больше не могут реализовывать уголь бсш» не соответствует действительности, так как в 2024 году объем экспорта угля марки бсш с Сулюктинских месторождений государственным предприятием «Кыргызкомур» составил 72,4 тыс. тонн.

В течение 2025 года, по состоянию на 14 апреля, если общий объем экспортированного угля Сулюктинских предприятий составил 87,1 тыс. тонн, из них объем угля марки бсш-40,8 тыс. тонн, или 46,8% от общего объема.

В 2024-2025 годах (14.04.25) экспорт угля марки бсш составляет свыше 113,3 тыс. тонн.

Следует отметить, что никаких ограничений на экспорт мелкого угля со стороны государственного предприятия «Кыргызкомур» не было и не будет, так как данная марка угля не используется населением в быту и используется только для промышленных нужд.

Марка угля, идущего на экспорт, определяется не государственным предприятием «Кыргызкомур», а в соответствии с требованиями иностранных клиентов — импортеров. Государственное предприятие «Кыргызкомур» не вправе принуждать импортеров покупать уголь определенной марки, то есть не может навязывать им закупку крупной или мелкой фракции угля.

Утверждение о том, что угольные предприятия Сулюкты “больше не могут продавать добытый уголь”, также не соответствует действительности. В качестве доказательства, общий экспорт угля с месторождений Сулюкта в 2024 году составил 246,0 тыс. тонн, а на 14 апреля 2025 года-87,1 тыс. тонн, включая два года-около 333,1 тыс. тонн.

Указанные в обращении “значительные документационные и другие искусственные препятствия на пути реализации добытого угля” необоснованны. Процедуры закупки угля являются наиболее упрощенными: участник представляет свое свидетельство о регистрации, бухгалтерский баланс и справку о том, что он не имеет задолженности перед государственными налоговыми органами. Работа ведется только в рамках утвержденного Кабинетом министров КР положения о закупках для государственных предприятий.

Утверждение «уголь марки бсш предлагается по цене 600 сомов за тонну», также не соответствует действительности, так как на сегодняшний день, в соответствии с договорами с шахтами, на основе собственных предложений шахт, уголь марки бсш оценивается не менее чем в 1000 сомов за тонну. Государственное предприятие «Кыргызкомур» готово обеспечить соответствующие условия, если производители Сулюктинского угля найдут клиентов, которые будут покупать уголь марки бсш по рыночным ценам со стороны Узбекистана.

В настоящее время регулирование экспорта угля осуществляется в рамках постановления Кабинета министров от 21 ноября 2024 года №707.

В результате принятых государственных решений увеличились налоговые и иные платежи Сулюктинских угледобывающих предприятий в государственный бюджет, что предприятия подтверждают в своем обращении.

Кроме того, в течение осенне-зимнего периода 2023-2024-2025 годов в южном регионе не допустили дефицита угля и резкого роста цен. Появилась возможность обеспечить население дешевым углем. Государственным предприятием «Кыргызкомур» в южном регионе  открыто 29 топливных баз и реализовано угля по низкой социальной цене от 6000 до 7200 сомов за тонну.

Принятые решения Кабинета министров КР по рассматриваемому вопросу за 3 года дали хорошие результаты. Попытки скрыть налоговые платежи, как это было раньше, путем контрабанды или путем снижения марки или цены на отходящий уголь и уменьшения доходов были строго пресечены путем заключения контрактов по реальным рыночным ценам.

Согласно официальным данным Национального статистического комитета КР, в 2024 году доля государственного предприятия “Кыргызкомур» в натуральном объеме общего угля, экспортируемого в Республику Узбекистан, составила 20,1%, в денежном выражении -27,6%, что свидетельствует о том, что уголь, экспортируемый государственным предприятием «Кыргызкомур», продается дороже, чем другие экспортеры.

Кроме того, согласно информации государственных органов, если в 2023 году, когда угольщики сами заключали прямые договоры с узбекской стороной, средняя цена на уголь, идущий на экспорт, составляла 3,2 тыс. сомов за тонну, то при запуске через государственное предприятие «Кыргызкомур» в 2023 году она увеличилась на 6,6 тыс. сомов, а в 2024 году-на 6,9 тыс. сомов или цены на уголь, идущий на экспорт, выросли вдвое.

Аналогично и по таджикистану. Если раньше средняя цена экспорта составляла около 1200 сом за тонну, то госпредприятие планирует реализовать по рыночной цене в 7 раз минимум.

Предприятия угольной отрасли начали переходить на безналичные банковские расчеты с государственным предприятием «Кыргызкомур» и официальный электронный Бухгалтерский учет. Мероприятия государственного предприятия по раскрытию теневой экономики в угольной отрасли дают положительные результаты.

Действующий государственный механизм экспорта угля показал свою эффективность и в полной мере отвечает сегодняшним требованиям, поэтому считаем необходимым продолжать работу в данном направлении.

Дополнительно следует отметить, что экспорт угля по железной дороге не имеет ограничений и не регулируется государственным предприятием «Кыргызкомур». Таким образом, производители угля имеют полную возможность работать с иностранными клиентами, заключая контракты на вывоз и продажу угля по железной дороге, которая является альтернативой.

Государственное предприятие «Кыргызкомур» в своей деятельности придерживается принципов открытости, справедливости и государственных интересов.

15 апреля 2025 года, в целях всестороннего и полного рассмотрения обращения «Ассоциации угледобывающих предприятий в Сулюкте подземным способом», на площадке государственного предприятия «Кыргызкомур» под председательством Министерства Энергетики Кыргызской Республики, с участием представителей Торгово-промышленной палаты Кыргызской Республики, службы антимонопольного регулирования при Министерстве экономики Кыргызской Республики, Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики, Министерства иностранных дел Кыргызской Республики, а также министерства экономики Кыргызской Республики, было организовано совещание и состоялся широкий обмен мнениями с участием председателя Ассоциации угледобывающих предприятий, по итогам которого были приняты соответствующие предложения по дальнейшему совершенствованию проводимой работы.

Считаем что угледобывающие предприятия пытаются вернуть старые схемы по уклонению от уплаты налогов путем занижения отпускной цены.


 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *