Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономикалык долбоорлор боюнча макулдашуулар болду. Энергетика менен бирге көмүр тармагында да кызматташууларга кол коюлду.
Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Кайрат Маматов менен “Xinjiang Dacheng Yuanlong Energy Tehnology Co. Ltd.” компаниясынын директору Ву Янгйи өз ара кызматташуу ниетиндеги макулдашууга кол коюшту.
Макулдашууда Ош областындагы “Иркештам” чек ара постуна жакын жайгашкан көмүр кенин биргелешип иштетүү каралган.
Previous
Next