2025-жылдын 15-16-январь күндөрү «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Маматов Кайрат Адамкалиевич ишкананын Түштүк филиалына барып, Өзбекстан Республикасы менен чектешкен аймактагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор менен таанышты.
Ошондой эле жеринде көмүр байытуучу фабриканы куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады.
Андан тышкары Кызыл-Кыядагы цемент-шифер заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жумушчу жыйын өткөрүп, «Беш-Бурхан» кениндеги иштерден кабар алды.
Мекеменин Түштүк филиалынын аппараты менен жумушчу кеңешме өткөрүп, 2025-жылга максаттарды жана милдеттерди белгиледи.
r
Previous
Next