Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кезексиз Коллегиясы болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Улугбек Нургазиев, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу энергетикалык компаниялардын, мекемелердин жана алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.
Анда энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жыл башынан берип аткарылган иштери, чечилбеген көйгөйлөрү жана алдыга койгон иш пландары тууралуу баяндама кылды.
Ал эми 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда энергетика министри Т. Ибраев энергетиктерге алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу жүргүзүүнү эскертти. Ошондой эле
быйылкы жылга коюлган пландарды өз убагында аткаруу, долбоорлорду ишке ашыруу, керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, учурдун талабы экенин баса белгиледи.
“Урматтуу кесиптештер! Учурда 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери аягына чыгып баратат. Быйылкы кышка даярдын өткөн жылга салыштырмалуу жогорку денгээлде жасалып бүтүшү керек. Себеби, быйыл план боюнча ар бир ишкана керектүү жабдуулар, техникалар менен жетиштүү камсыздалган. Быйыл калкка жарык жана жылуулук үзгүлтүксүз жана сапаттуу берилиши керек” – деди Т.Ибраев.
2024-жылдын 9 айынын аралыгында энергетика тармагында бир катар иштер аткарылды. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт:
1. Жыл башынан бери жалпы кубаттуулугу 45,9 МВт чакан ГЭСтер ишке киргизилди. Ал эми 2 чакан ГЭС, 1 күн жана 1 шамал электрстанцияларын куруу үчүн мезгил кутучалары салынды
Учурда жалпы кубаттуулугу 430 кВт күн электрстанциялары иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө 9 айынын аралыгында ЭКБ тармагында жалпы 22 компания менен электр энергиясын берүүгө келишимдер түзүлгөн. Алардын ичинен 11 чакан ГЭС, 9 күн электр станциялары, 2 шамал электр станциялары. Азыркы учурда электр энергиясын берүүгө келишим түзгөн компаниялар долбоорлорун ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып барууда.
2. Быйылкы жылы генерациялоочу кубаттуулуктарды жогорулатуу боюнча иштер улантылып, Токтогул ГЭСинде №1 генераторду жана Үч-Коргон ГЭСинде №4 генераторду реконструкциялоо иштери план боюнча аткарылып жатат жана бул иштер 2024-жылдын 4-кварталынын аягына чейин аяктоо пландалууда. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин №1 генераторунун кубаттуулугу 60 МВтка, ал эми Үч-Коргон ГЭСинин №4 генераторунун кубаттуулугу 9 МВтка чейин көбөйөт. Учурда Токтогул ГЭСтин 1-гидроагрегатынын реконструкциялоо иши 95 пайыз , ал эми Үч-Коргон ГЭСтин 4-гидроагрегаты реконструкциялоо ишинин 65 пайызы аткарылып бүттү.
Кыргыз Республикасынын Энегетика министрлиги «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштерин график боюнча жигердүү аткарылууда. Өкмөт тарабынан 1,555 млрд сом бөлүнгөн, анын ичинен курулуш иштерине 1,480 6 млрд сом бөлүнгөн. Калган суммасы долбоорлоо иштерине жумшалды. Ал эми Дүйнөлүк банк тарабынан ТЭНди актуализация кылуу үчүн 18,6 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө үч мамлекеттик Өкмөттөр аралык келишимдин үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө консультант AFRY компаниясы тарабынан дамбанын 4 варианты сунушталган. Анын ичинен Энергетика министрлигинин жумушчу тобу дүйнөлүк эксперттердин корутундусунун жыйынтыгы менен бетон дамбасын тандап алган. Эми кийинки этапта 2025-жылдын май айларында консультант AFRY компаниясы дамбанын ТЭНин сунуштайт. Андан кийин дамбаны долборлоо жана башка иштери башталат.
Маалыматка ылайык учурда аткарылып бүткөн жумуштар: КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Анын ичинен жолдун бир тарабы 7 чакырымы бүттү. 2024 -жылга жалпы жолдун жарым бөлүгү бүтсө, дагы жарым бөлүгү 2025 жылдын башына пландалды. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталып, бүгүнкү күндө 126м туннелдин бүтпөгөн бөлүгү толугу менен казылып бүттү. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 11км ден 7 км зым тартылды. Аба чубалгынын 62 % бүттү, Жалпы 25 мамычадан 18ү орнотулду. План боюнча 2024 жылдын аягына чейин 110 кВ аба чубалгысы менен электр комокчу чордону боюнча иштери буткоруусу каралган. Жумушчулар үчүн курулуп жаткан убактылуу шаарчанын жана ПС 110/6кВ комокчу чордондун негизи даярдалды. Нарын дарыясынын он жээгине отуп Камбарата ГЭС-1не баруучу копуронун №1 менен №2 тирегинин сваялары толугу менен буткорулду, №4 тирегинин 2 сваясы буткорулду. Ошондой эле копуронун темир тузумдору Кытай компаниясы менен биргеликте даярдалууда. Камбарата ГЭС-1ди курууда керектелуучу мобилдик байланыш Мегаком туйуну курулуп буткорулду, узундугу 1300м болгон ОВ-8 чубалгысы орнотулду. Камбар-Ата ГЭС-1де 100 орундуу вахталык лагердин курулушу: Фундамент үчүн чуңкур казууга жер казуу иштери жүрүп жатат, имараттын пайдубалында (ВП) казуу жана таш иштери жүрүп жатат, топурак казылып, таштанды төгүлүүчү жерге ташылууда. Бүгүнкү күнгө пайдубалды курууга 28,5м3 бетон куюлду.
Мындан тышкары энергетика тармагында ири долбоорлдорду ишке ашыруу максатында, инвестиция тартуу, инвесторлор менен биргеликте бир катар долбоорду ишке ашыруу иштери жүрүп жатат.
3. Энергетика тармагында аткарылган реформалардын алкагында:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 Жарлыгына ылайык, «Электр станциялар» ААКнун филиалдарынын жылуулук камсыздоо объектилери: Бишкек ш. ЖЭБи, Ош ш. ЖЭБи жана «Бишкекжылуулуктармагы» Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, ошондой эле “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук объекттери жайгашкан жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилди.
-Жылуулук энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаттына өзгөртүүлөр киргизилди.
4. Көмүр:
2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата республика боюнча 2647,129 миң тонна көмүр камдалышы керек, анын ичинен:
-Бюджеттик мекемелер боюнча 312,184 миң тонна, бүгүнкү күндө 154,41 миң тонна камсыздалды;
-Калк боюнча 1 334,945 миң тонна, бүгүнкү күндө 535,9 миң тонна камсыздалды;
– Бишкек ЖЭБине 1 000,0 миң тонна, бүгүнкү күндө 192,0 миң тонна камсыздалды;
Республика боюнча 55,51 миң тонна жылытуучу мазут даярдоо пландаштырылууда, анын ичинде:
-Ош ш. ЖЭБ – 23,0 миң тонна жылытуучу мазут бүгүнкү күндө 2,9 миң тонна камсыздалды;
-Бишкек ш. ЖЭБ – 8,0 миң тонна жылытуучу мазут, бүгүнкү күндө 2,0 миң тонна камсыздалды;
-Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканалар (“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин объектилерине) – 24,351 миң тонна, бүгүнкү күндө 2,79 миң тонна камсыздалды.
Республика боюнча 576 көмүр отун базалары ачылды.Анын ичинен 16сы “Кыргызкөмүр” МИге тиешелүү.
5. Газдаштыруу:
2024-жылга жаратылыш газын берүүнүн болжолдуу көлөмү 500,0 млн м³.
Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 2023-жылы 38% болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40%га жетти.
Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 402 миң абоненттер газга кошулган.
2024-ж. 1-октябрына карата жаратылыш газын пайдалануу 303 млн м3 түзгөн.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55,9 млн м3 көп пайдаланды.
2024-жылы 5 турак- жай конушу газдаштырууга пландаштырылган; Новопавловка а., Бакай Ата а., Новопокровка а,Төкөлдөш ж.к., Ак-Босого ж.к.
2024-жылдын 1-октябрына карата: 4 турак-жай конушу газдаштырылды. (Новопавловка а., Бакай Ата а., Новопокровка а,Төкөлдөш ж.к., ) 13 454 абонент газга кошулду.
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору бекитилген.
Долбоорго ылайык 2024-жылдын 1-октябрына карата 167 абонент жаратылыш газына кошулду, берилген каржылоонун жалпы суммасы 19, 4 млн. сом. Ал эми, долбоордун жалпы суммасы 1 млрд сом;
насыянын пайызы 8 %;
мөөнөтү 24 айга чейин.
6. Мунай:
2024-жылдын 9-февралында «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Галча» кендеринде мунай жана газ өндүрүү үчүн №2 Лицензиялык келишим алынды;
«Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин 20 скважина ишке берилет. «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курулушу акыркы этабы аткарылууда. Нефть өндүрүү жана кайра иштетүү башталышы менен 350-400 жумушчу оорун камсыз болот. Инвестициянын жалпы көлөмү 90 млн. АКШ долларын түзөт.
7. Жыл башынан бери энергетика жана көмүр тармагына жалпы 93 атайын техника сатып алынды. (Анын ичинен: ” КУЭТ” ААКга – 67 атайын техника, “Кыргызкөмүр” МИси – 23, «Электр станциялар» ААК-3 атайын техника алынды)
8. Жалпы: Энергетика жана көмүр тармагына 9 объект пайдаланууга берилди.
Анын ичинен: “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан ишке берилген 2 обьектилер:
-“Урмизан-3” тилкеси;
-“Загара-2” тилкеси.
Ал эми “КУЭТ” ААКга тиешелүү 7 объект ишке берилди:
– Баткен электр тармактары ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
– Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү райондук электр тармактарынын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
– Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты реконструкцияланды;
– Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
– Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул райондук электр тармактарынын Торкент участогунун имараты курулуп толук ишке берилди;
– Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук райондук электр тармактарынын Жаңы-Жер участогунда заманбап автобокс курулуп толук ишке берилди;
– Нарын электр тармактар ишканасынын базасында
темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цехи курулуп толук ишке берилди.
9. Жалпы: 121 645 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
Эскилигине жеткен 13 217 даана жыгач мамылары жаңы темир-бетон мамыларына алмаштырылды.
Жалпы: 62 даана кошумча трансформатор орнотулду, 509.4 км 10/0,4 кв аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды, анын ичинен 287 км эскилигине жеткен зымдар СИП-2 түрүндөгү зымка алмаштырылды.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 110 кВ “Чырпыкты” (Ысык-Көл электр тармактар ишканасы) жана 35 кВ “Дейрес” (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы) көмөкчордондору ишке берилди.
Төмөнкү 110 кВ көмөкчордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:
-“Кант” 25 МВА 40 МВАга,
-“Карагачевая” 25 МВА 40 МВАга,
-“Ноокат” 10 МВА 40 МВАга,
-“Ала-Бука”10 МВА 25 МВАга.
10/0,4 кВ электр тармактарында техникалык жоготууларды жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтуу максатында, ошондой эле тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй иштердин көлөмү аткарылды:
140 даана кошумча ТП орнотулду жана кубаттулугу жогорулатылды,
анын ичинен кошумча ТП 62 даана, кубаттуулугун жогорулатуу 78 даана, 509,4 км 10/0,4 кв аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды, анын ичинен 287 км эскилигине жеткен зымдар СИП-2 түрүндөгү зымка алмаштырылды.
10.CASA-1000 долбоору боюнча 456 чакырым болгон 500 кВ аба чубалгысын куруу иштери толугу менен аяктап, кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө. Атап айтсак 500 кВ “Датка” көмөк чордонунда уячаны куруу толугу менен 100% бүткөрүлдү. Тирөөчтөрдү орнотуу 100% бүткөрүлдү жана аба чубалгысын тартуу иштери 456 чакырымдан 456 чакырымы бүттү. Долбоорлук иштер толугу менен 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылууда.
11. «Чакан ГЭС» ААК тарабынын “ГЭС 5” суу сактагычынын үстүндө калкып туруучу күн электр станциясы ишке кирди.
Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жүрүп жатат. Орто-Токой суу сактагычына ЧГЭС куруу иштери жүрүп жатат. Учурда транспорттук туннелди казуу боюнча жардыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Ал эми Папан суу сактагычына ЧГЭС салуу боюнча мезгил кутучасы салынып, учурда ГЭСти курууга даярдык иштери башталды.
Учурда энергетика тармагына 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктын акыркы этаптары жүрүүдө. Жалпысынан Республика боюнча баардык ГЭСтерде, Райондук электр тармактар ишканаларында, жылуулук ишканаларында жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштеринин акыркы этабы аткарылууда.
Previous
Next
Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *