Кыргыз Комур

2024-жылдын 25-ноябрына карата Кара-Кече көмүр кенинде 1 млн 100 миң  тонна көмүр казылып алынган. Андан тышкары 4 млн 200 миң куб топурак тазалоо иштери жүрдү. Кара-Кечеде быйыл тазалоо жумуштары 16-июлдан башталды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 жарым айга эрте сезон ачылды дегенди билдирет. 2024-жылдын 25-ноябрына карата 600 миң 300 тонна көмүр казылса калкка 324 миң тонна көмүр жеткирилди. Бюджеттик мекемелерге 93 миң 200 тонна көмүр жеткирилген. Бишкек Жылуулук Энерго Борборуна жөнөтүлүү үчүн 183 миң 100 тонна көмүрү Балыкчы базасы аркылуу Бишкекке жеткирилди. Ошону менен катар көмүр кендеринен белгиленген график менен көмүр жөнөтүү иштери уланууда. Учурда көмүр казуу жана топурактан тазалоо иштери  кызуу жүрүп жатат.  
Previous
Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *