Урматтуу достор,
Электр энергиясына болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу бир аз түшүндүрмө берип кетейин.
Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга Тарифтик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясына ылайык электр энергиясына тарифти жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүү каралган.
Ушул жылдын биринчи майынан баштап жогорулатуу 10,8 пайызды же 11 тыйынды түздү. Жыл сайын жогорулатуу боюнча чаралар акырындык менен электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды керектөөчүлөр үчүн тарифтерге теңдештирүү зарылдыгы менен шартталган.
Өткөн 2023-жылы электр энергиясынын бир кВт/с өздүк наркы 2,41 сомду түзгөн, мында калк керектөөчүлөр үчүн тариф 1-майга чейин 1 сомду түзгөн. 700 кВт/саатка чейин коюлган градацияны эске алуу менен тартыштык орточо алганда, 1,34 тыйынды түзөт.
Ар бир колдонулган кВт/саат электр энергиясы көйгөй жаратып, ал жыл сайын тездик менен топтолуп келе жатат. Күз жана кыш мезгилдериндеги чоң күч келгенде жабдууларды даярдоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Министрлер Кабинети бюджеттен бөлүп берет.
Ошону менен, жаңы мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана башка маанилүү долбоорлорду курууга делген мамлекеттин каражаты энергетикага жумшалып, көйгөйлөр чечилбей келет.
Previous Next Негизинен кышкы жылытуу сезонунда Бишкек шаарынын калкы 128 миң 400 тонна көмүр керектейт.…
Нарын областынын борбору Нарын шаарынын администрациясынын билдирүүсү: ШААРЧА АЙМАГЫНДА ТОННАСЫ 5000 СОМДОН КӨМҮР САТЫЛУУДА Нарын…
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ош шаарында 3 көмүр кампа ачылган. Алар: Жибек-Жолу МАБы Айни көчөсү. Жапалак…
2024-жылдын 25-ноябрына карата Кара-Кече көмүр кенинде 1 млн 100 миң тонна көмүр казылып алынган. Андан…
Жумгал районундагы калктын кышкы сезондогу жалпы керектөөсү 22-25 миң тонна көмүрдү түзөт. Райондун аймагындагы ачылган…
Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында 22 көмүр кампасы ачылды. Быйылкы жылга 950 миң тонна милдеттерилсе…