Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кече аймагына барды. Сапардын жүрүшүндө ал Кара-Кече көмүр ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкананын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда күз-кыш мезгилине даярдык маселелери талкууланды. Министрдин орун басары ишкана бардык зарыл иш-чараларды аяктап, кышкы шарттарда туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөгө толук даяр экенин белгиледи.
Ал ошондой эле калкты жана социалдык объектилерди көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу энергетика тармагынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.




