Кыргыз Комур

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насип Асматович 2025-жылдын 4-майында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ыссык-Көл кемечилиги” жана “Кара-Кече” филиалдарынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
“Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур Токтобоевич эки филиалдын учурдагы ишмердүүлүгү жана 2025-2026-жылкы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Энергетика министринин орун басары Керимов күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүгө жасалган аракеттерге канааттангандыгын билдирип, 2024-2025-жылкы мезгилдин ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи. Ал “Кыргызкөмүр” ишканасынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, 2025-2026-жылкы мезгилге даярдыкты күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *