Кыргыз Комур

Ысык-Көл облусунда «Күч – биримдикте, жеңиш – аракетте!» деген ураан алдында «Кыргызкөмүр»мамлекеттик ишканасынын I спартакиадасы өткөрүлдү. Иш-чарага Борбордук аппарат, Кара-Кече, Балыкчы жана Түштүк филиалдарынын кызматкерлери катышып, спорттун бир нече түрүбоюнча өз ара күч сынашты. Турнир учурунда командалар чыныгы командалык оюнду, ыкчамдыкты жана чыдамкайлыгын көрсөтүп, жогорку деңгээлде таймаштаруюштурулду. Мыкты оюн көрсөткөн командалар жана мыкты спортчулар диплом, медаль, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Спартакиада кызматкерлердин ынтымагын бекемдеп,сергек жашоо образын жайылтууга жана командалык духту көтөрүүгө чоң салым кошту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *