ПРЕСС-РЕЛИЗ
23.12.2024
«Кыргызкөмүр» Мамлекеттик Ишканасы Баткен областынын Баткен районунда жайгашкан жалпы аянты 17 га түзгөн «Урмизан-3» участогун чалгындоо максатында №7379 СР лицензиясы жана иштетүү максатында №7375 СЕ лицензиясына ээ болуп, жер казынасын пайдалануу укугун алган.
Лицензиянын негизинде 5 га. аянтка долбоор даярдалып, тиешелүү экспертизалардан оң корутундусун алып жалпы кору 170,0 миң тонна көмүр аныкталган.
Ошол эле убакта чалгындоо лицензиясына да долбоор даярдалып, тешелүү экспертизалардан оң корутунду алынды.
Белгилей кетүүчү жагдай техникалык жана экономикалык жактан эффективдүү иш алып баруу максатында долбоорго кайрадан өзгөртүү киргизилип, тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлдү.
«Кыргызкөмүр» МИ, Баткен районундагы жакын жайгашкан айыл аймактарды көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында жакынкы 2-3 ай ичинде көмүр жүктөө иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт.
“Кыргызкөмүр” МИнин Басма сөз кызматы