Государственное предприятие "Кыргызкомур"
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагынан мамлекеттик «Урмизан-3» көмүр кенинин расмий ачылуу аземин өткөрөт.
Мамлекеттик ишкана калкты күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилинде сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо жана жогорку деңгээлдеги көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Көмүр кендин менчик түрү, 100% мамлекеттик үлүштө болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү
3 000 000 АКШ долларын түзөт.
Көмүр кенде жумушчулардын саны 26 адам , аянты 5 гектарды түзөт.
Ишке киргизүүнүн датасы: 30.08.2024-жыл
Previous
Next
Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.