Государственное предприятие "Кыргызкомур"
Эртен «Загара» көмүр кенинин расмий ачылышы өткөрүлөт
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынан мамлекеттик көмүр кен, «Загара 2» көмүр кенинин расмий ачылуу аземин өткөрөт.
Мамлекеттик ишкана калкты күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилинде сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо жана жогорку деңгээлдеги көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Көмүр кендин менчик түрү, 100% мамлекеттик үлүштө болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 5 000 000 АКШ долларын түзөт.
Көмүр кенде жумушчулардын саны 77ни түзүп, аянты 16,78 ганы түзөт.
Ишке киргизүүнүн датасы: 30.08.2024-жыл.
Previous
Next