Государственное предприятие "Кыргызкомур"

2024-жылдын 31-августунда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында «Урмизан-3» аталышындагы көмүр кенинин расмий ачылуу аземи өткөрүлдү.Ачылыш аземге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана коомчулуктун өкүлдөрү, инвесторлор, ишкерлер катышты. “Урмизан-3” көмүр кени 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 3 000 000 АКШ долларын түздү. Көмүр кенинде 26 адам эмгектенип, жайгашкан аянты 5 гектар. Дагы бир ачылыш азем «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын карамагындагы “Загара 2″ көмүр кени Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында жайгашкан. Көмүр кени 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 5 000 000 АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде 77 жумушчу иштеп, жайгашкан аянты 16,78 гектар. Мамлекеттик ишкана калкты күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде сапаттуу, арзан көмүр отуну менен камсыздоо жана көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды алып барууда.

Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.