Categories: Новости

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышты

КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей
2024-жылдын 28-март күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкананын жетекчилиги менен жолугушту. Тагыраак айтсак Акылбек Жапаров Нарын областына болгон иш-сапарында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” филиалдарынын ишмердиги менен таанышып, өткөн жылытуу сезонун жыйынтыктап жаткан ишкананын быйылкы 2024-жылдагы даярдык иштеринен кабар алды. Борбордук участканын көмүрдү топурактан тазалоо жана төгүү жайын көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Быйылкы сезондо иштеп баштаган Кара-Кечедеги электрондук кезек шлагбауму менен накталай эмес төлөм системасынын ишмердигине Өкмөт башчысы ыраазы болду.
Ушул эле күнү Акылбек Жапаровдун катышуусунда жалпы суммасы 211 млн. 125 миң сомду түзгөн HOWO үлгүсүндөгү 20 жүк түшүрүүчү оор техника, 4 экскаватор, 2 жүктөөчү техника жана 1 бульдозер тапшырылды. Бул техникалар ишкананын каражатына алдын-ала бөлүп төлөө аркылуу сатып алынууда.

admin

Recent Posts

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын калкты арзан көмүр менен камсыздоо саясаты уланууда.

Previous Next Негизинен кышкы жылытуу сезонунда Бишкек шаарынын калкы 128 миң 400 тонна көмүр керектейт.…

1 день ago

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы аймактар менен кызматташуу

Нарын областынын борбору Нарын шаарынын администрациясынын билдирүүсү: ШААРЧА АЙМАГЫНДА ТОННАСЫ 5000 СОМДОН КӨМҮР САТЫЛУУДА Нарын…

3 дня ago

Ош жергесинде көмүр кампалар ачылууда

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ош шаарында 3 көмүр кампа ачылган. Алар: Жибек-Жолу МАБы Айни көчөсү. Жапалак…

7 дней ago

2024-жылдын 25-ноябрына карата Кара-Кече көмүр кенинде 1 млн 100 миң тонна көмүр казылып алынган.

2024-жылдын 25-ноябрына карата Кара-Кече көмүр кенинде 1 млн 100 миң  тонна көмүр казылып алынган. Андан…

1 неделя ago

Жумгал районунда 22 көмүр кампа иштеп жатат

Жумгал районундагы калктын кышкы сезондогу жалпы керектөөсү 22-25 миң тонна көмүрдү түзөт. Райондун аймагындагы ачылган…

1 неделя ago

Жумгал районунда 22 көмүр кампасы бар. Көмүрдүн баасы тоннасына 3000-3500 сом

Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында 22 көмүр кампасы ачылды. Быйылкы жылга 950 миң тонна милдеттерилсе…

1 неделя ago