Кыргыз Комур

«Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Маркай» участогу – 2025-жылы Кыргыз Республикасында ишке киргизилиши пландалган. Бул долбоор Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан «Маркай» көмүр кенинде ишке ашырылууда. Жакында эле жеринде коомдук угуу өткөрүлүп, ага райондук деңгээлдеги мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган участок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-февралындагы №35-р тескемесинин негизинде лицензияланган (лицензия №7275 СЕ), ал 2043-жылдын 8-январына чейин жарактуу. Участок Жалал-Абад облусунун Сузак району менен Ош облусунун Өзгөн районуна чектеш жайгашып, жалпы аянты 292 гектарды түзөт. Көмүрдүн жалпы запасы 8 915 000 тонна деп бааланууда. Баштапкы этапта 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу пландалууда. Долбоор аймактык өнүгүүгө чоң салым кошуп, 60тан ашуун жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орду менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Жылдык казуу көлөмү 50 миң тоннаны түзөт деп күтүлүүдө. Учурда техникалык долбоорлор боюнча эксперттик корутундуларды алуу процесси жүрүп жатат. Экологиялык талаптарга ылайык коомдук жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү калк долбоорду колдоого алгандыгын билдирип, расмий протокол кабыл алынган. Белгилей кетүүчү жагдай – «Маркай» участогу 2025-жылы ишке киргизилиши пландалган Кыргыз Республикасынын 128 ири өндүрүштүк долбоорунун катарына кирет. Долбоор көмүр тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *