Кыргыз Комур

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коллегиялык жыйын болду. Коллегиянын ишине министрликтин алдындагы 14 энергетикалык чарбалык субьектилердин жетекчилери катышты. Анда өткөн 2024-жылда аткарылган иштерге отчет берилди. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Кайрат Маматовдун айтымында сезон ичинде ишкана 1 миллион 600 миң тонна көмүр казып, 11 миллион 100 миң куб кыртыш ачуу иштерин жүргүзгөн. “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасы кендерди иштетүүгө жана чалгындоого 20 лицензия алган, учурда алар боюнча тиешелүү даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Жыл ичинде республиканын түштүк аймагында жайгашкан “Загара-2” жана “Урмизан-3” кендери иштетүүгө киргизилген. Күз-кыш мезгилин өткөрүү учурунда калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасы республиканын областтарында жайгашкан жалпы 75 отун базалары менен келишим түзүп, иш алып барды. Жалпы жонунан айтканда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы былтыркы кышкы жылытуу сезонунда республика калкын көмүр отунунан өксүк кылбай толук камсыздай алды. Натыйжада кышкы жылытуу сезонун 333 миллион сомдук киреше менен жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *