Бүгүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында коллегиялык жыйын болуп, өткөн 2024-25-жылдагы Кышкы жылытуу сезонундагы иштин жыйынтыгы чыгарылды. Быйылкы сезонду жалпысынан 333000000 сомдук пайда менен жыйынтыктаган ишканада алдыдагы ишти жакшыртуунун чаралары да талкууланды. Коллегияга ишкананын Башкы аппаратынын бөлүм башчылары жана Ош, Кара-Кече жана “Ысык-Көл кемечилигинин” Балыкчы базасынын жетекчилери катышты.