Кыргыз Комур

Нарын областынын борбору Нарын шаарынын администрациясынын билдирүүсү:
ШААРЧА АЙМАГЫНДА ТОННАСЫ 5000 СОМДОН КӨМҮР САТЫЛУУДА✅
Нарын шаарынын Шаарча аймагындагы эт комбинатынын короосунда тоннасы 5миң сомдон көмүр сатылып жатат.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен кызматташуунун алкагында Нарын шаарына кезексиз көмүр отунун тартып келүү жана бекитилген баада сатуу боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттердин негизинде муниципалдык көмүр базаларында 5 миң сомдон 5 миң 800 сомго чейин көмүр сатылып жатат.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаарына кезексиз көмүр жүктөөп берүүдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Кыргыз көмүр мамлекеттик ишкана жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Бул базалардагы көмүр 1 жаранга 1 тоннадан сатылууда..

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *