«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына атайын техникалар тапшырылды
Бүгүн, 2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» МИге 10 жаңы тоо иштерин жөнгө салуучу атайын техниканы тапшырды.
Аталган техникалар «Кыргызкөмүр» МИнин өздүк каражатынын эсебинен сатылып алынды. Жалпы суммасы 36 780 600 сомду түздү.
Энергетика минитри Т.Ибраев жаңы техникалар көмүр тармагынын ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөөрүн айтып, техникаларды жоопкерчилик менен колдонууга чакырды.