КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү.
Жамаат «Пригородный» айылындагы сейил бакты тазалап чыгышты. Эртең мененки саат 9-00 дан башталган жумуш күн шашкеге чейин уланып белгиленген аймак толугу менен тазаланып чыкты. Ишембиликке эмгек жамааты толук катышты.