Кечээ, 23-ноябрь, 2025-ж. “Кара-Кече” көмүр кенинде өндүрүш иштери үзгүлтүксүз уланды. Бир сутканын ичинде жалпы 355 унаага көмүр жүктөлүп, анын жалпы көлөмү 8181 тонна болду.
Бул көрсөткүч Кара-Кече кениндеги иштин туруктуу жүрүп жатканын жана калкты, ошондой эле ишканаларды көмүр менен өз убагында камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын далилдейт.
Кара-Кече кени — өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү орунду ээлейт.