Государственное предприятие "Кыргызкомур"

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында Шахтерлордун кесиптик мааракеси белгиленди. Өткөн кышкы жылытуу сезонунда 1 миллион 299 миң тонна көмүр казып, белгиленген тапшырманы ашыгы менен аткарган эмгек жамааттын алдында быйылкы коюлган тапшырма 950 миң тонна көмүрдү казуу милдети турат.

Ишкананын башкы директору Кайрат Маматов Кара-Кечеде жүрүп жаткан иштерден кабар алды. Көмүр кендеги Борбордук, Чыгыш жана Батыш участкаларында быйыл көмүр жетиштүү ачылган. Ишкананын жетектөөчү адистери көмүр кенинде жүргүзүлүп жаткан иштерден кеңири маалымат беришти. Кайрат Маматов ар бир жасалып жаткан иштерге маани берип, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан соң эмгек жамааттын салтанаттуу жыйыны өттү. Иш-чарага Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Кайрат Маматов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. 

Салтанаттын жүрүшүндө өз тармагында мыкты жетишкендиктерди камсыз кылышкан адистерге сыйлыктар берилип, белектер тапшырылды. Андан соң маараке майрамдык шаң менен уланды.

Previous
Next
Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.