Государственное предприятие "Кыргызкомур"
Кара-Кече суусунун бөгөлүп калган нугунун 700 метр аралыгындагы топурагы тазаланып, суу өткөрүлдү.
Аталган жерге 406 метр суу каналдары-лотоктор салынып, жасалды.
Көмүр кесиминдеги Батыш участкасына 3.5 километр жол салынды.
Кара-Кече кесиминдеги Борбордук, Чыгыш участкаларындагы чогулуп калган суулар толугу менен агызылды жана кургатуу иштери жүрүп жатат.
Быйыл жыл жаанчыл болгондугуна байланыштуу сел көп жүрүп, жолдорду жеп кеткен учурлар көп катталды. Жергиликтүү элге жардам берүү да унутта калган жок. Натыйжада Соң-Көл Кара-Кече жолунун сел алып кеткен бөлүктөрү жасалды. Ошондой эле айдоочулардын көйгөйү болгон Баш-Кууганды Кара-Кече жолу ремонттолду.
Кара-Кечеде жайды жайлата жумуш токтогон жок. Даярдык иштери менен бирге эле көмүр казуу жумуштары да жүрүп жатты.
Жалпылап айтканда 2.5 миллион куб бош топурак тазаланып, 500 миң тоннанын тегерегинде көмүр казылып алынды. Учурда 150 мин тонна көмүр күзгү мезгилге даяр.
Өздүк техникаларды чыңдоо боюнча да иштер жасалып жатат. Ага ылайык ишкананын каражатына 20 даана Хово үлгүсүндөгү самосвал, 2 экскаватор, 1 бульдозер сатып алынды.
Previous
Next
Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.