Көмүрдү атайын дефицит кылып жатат деген айрым кептерге «Кыргызкөмүр» ААКнун башкы директору Кайрат Маматов түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, учурда Кара-Кечеде көмүр чыгаруу жана жеткирүү процесси токтоосуз жүрүп жатат. Суткасына 7 000–10 000 тоннага чейин көмүр чыгарылып, керектөөчүлөргө жөнөтүлүүдө.
Ошондой эле кесимде эки даана көмүр сорттоочу машина толук кубатта иштеп, көмүрдү иргеп-даярдоо процесси үзгүлтүккө учурабай аткарылууда.
Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү графикке ылайык жүрүп, жылуулук борборунун көмүр запасы үзгүлтүксүз толукталууда.
Кайрат Маматов белгилегендей, көмүр боюнча жасалма тартыштык жок, бардык иштер нормалдуу режимде аткарылууда.




