Государственное предприятие "Кыргызкомур"
Жумгал районунун аймагындагы күз кыш мезгилине болгон даярдык күч. Көмүр кесимдеринде кара алтынды казуу иштери жылдагыга салыштырмалуу эрте башталган.
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Майрамбек Рыскуловдун айтымында
район аймагындагы социалдык мекеме ишканаларга күз-кыш мезгилине жалпы 6133 тонна көмүр отуну керектелсе, калкка жалпы 21500 тонна көмүр отуну керек.
«Бүгүнкү күндө «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара Кече филиалы тарабынан 2 миң тоннага чукул көмүр мекемелерге тартылды. Азыр да көмүр тартуу иштери кызуу жүрүүдө»,- деди Рыскулов.
Ал эми Кара-Кече филиалынын директору Талант Скандербековдун айтымында, Жумгал районундагы соц объектилери менен 5100 тоннага келишим түзүлгөн. Ал эми Нарын облусунун башка райондору менен 4400 тоннага келишим түзүлсө, учурда анын 3 миң тоннадан ашыгы тартылды.
Маалымат үчүн белгилесек, Нарын облусунун күз-кыш мезгилине 127 миң тоннадан ашык көмүр отуну керектелсе, анын 92 миң тоннадан ашыгы калктын керектөөсү. Бугунку кундо сентябрь айынын ичи облус аймагындагы социалдык мекемелер комур отуну менен камсыздалат, учурда Нарын шаары, Нарын району, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор райондорундагы соцобъектилерине керектүү көмүр отундары ташылууда.
Previous
Next
Поделиться:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.