Кече күнү Акылбек Жапаров биринчи жумушчу иш сапарын “Кара-Кече” кенинен баштады. Анда бир жылдын ичинде Кыргызкөмүрдүн жеке көмүр кампаларын ачууга, жаңы техника сатып алуу үчүн акча маселесин бирчечип бере турганын билдирди. Жапаровдун айтыман караганда “Кара-Кечеде иш мыкты деңгээлде жүрүүдө, бирок заманбап техникаларды сатып алып ишти мындан да илгери кылуу керек”,- деди. Ошол эле учурда жол маселеси да унутта калган жок.
КРнын Транспорт жана жол министрлигине Дыйкан-Кара-Кече (37 км) жолун тез аранын ичинде оңдоо тапшырмасын берди.