Государственное предприятие КЫРГЫЗКӨМҮР при Министерстве Энергетики

    

Эми Кара-Кече көмүр кенинде жардыруучу заттарды ташый турган “ЗИЛ” үлгүсүндөгү техникасы бар. Ал тендер аркылуу сатып алынган.
Россиядан өндүрүштөн чыккан. Баасы 9 миң $ түздү. Мындан тышкары кошумча жардыруу иштерине пайдалануу техника сатып алынып, жакын арада чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткизилет.
Эске сала кетсек, буга чейин “Кыргызкөмүр” МИсы жардыруу иштерин кылуу үчүн атайын лицензиясы бар компанияларды жалдап жүргөн.
Акыркы эки жыл ичинде ишкананын атайын адистери да жардыруу иштерине катышып үйрөнүп жатышты.Азыр биздин адистер да даяр болушту.
Мындан ары, жеке техникалар менен жардыруу иштерин Кыргызкөмүр өзү жүргүзүп турат. Бул ишкана үчүн өтө чоң пайдага ээ. Экскаватор өңдүү оор техникалар узак убакытка иштеп берет.
Поделиться: