Государственное предприятие КЫРГЫЗКӨМҮР при Министерстве Энергетики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кечеге барды.

Анда “Кыргызкөмүр” МИнын директору Мирлан Жакыпов Кара-Кечеде болуп аткан иштер менен жеринен тааныштырды.

Жакыпов калк үчүн көмүр октябрдын башынан баштап бериле турганын билдирди. Жалпы жонунан Алиев Кара-Кечеде болуп аткан иштерди көрүп купулуна толгонун айтып, жамаатка ийгиликтерди каалады.

Ага кошумчалап БИЙЛИК ТАРАПТАН ДА КОЛДООЛОР БОЛО ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ. Ошондой эле Нарын облусунун укук-коргоо кызматкерлерине тартипти сактап көзөмөлдөөнү тапшырды.

Белгилей кетсек Республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет, анын 950,0 миң тоннасы “Кабак” көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет

  

Поделиться: