Categories: Новости

2024-2025-жылдагы кышкы жылытуу сезонуна Республика боюнча көмүр кампалары ачылууда

Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында тынымсыз иш алып барууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда калктын көмүр сатып алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында өлкө боюнча көмүр отун базалары ачылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн оперативдүү маалыматтары боюнча, калк үчүн көмүр сатуу пунктарынын саны 477 түзөт.

Мунун ичинен Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жыл сайын калкты көмүр отуну менен камсыздап, кышкы жылытуу сезонун ийгиликтүү жүргүзүп келет. Быйылкы күз-кыш жылытуу сезонуна ишкана жылдагыдан эрте кам көрүп баштады.

Министрлер кабинетинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө Токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине 750 миң тонна көмүр, анын ичинен “Тегене” Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна, “Кыргызкөмүр” МИ боюнча 520 миң тонна көмүр, Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” тилкесинен 180 миң тонна көмүр жеткирүү көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кара-Кече кенинен 664,5 миң тонна көмүр казылып алынган.

Быйылкы жылы “Кара-Кече” кенинен калк үчүн көмүр ташуу 16-июлдан башталып, 1-октябрга карата 216,6 миң тонна көмүр жөнөтүлдү, ал эми Бишкек шаарынын ЖЭБине 95,2 миң тоннага жеткирилди.

Ошондой эле учурда «Кара-Кече» кесиминде жөнөтүүгө даяр болгон 190 миң тонна көмүр бар. Анын ичинде:

  • “Борбордук”тилкесинде — 50 миң тонна;
  • “Чыгыш”тилкесинде — 20 миң тонна;
  • “Батыш”тилкесинде — 50 миң тонна;
  • «Кара-Кече» кениндеги убактылуу көмүр сактоочу жайда — 70 миң тонна.

Ал эми калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Чүй областында 6, ал эми Бишкек шаарында 10 көмүр кампаларын ачып, анда Антимонополия кызматы аныктап берген баа көмүрдүн тоннасына орточо 5000 сомдон аралыгына, алыстыгына жараша 5800 сом деп аныкталган.

Аталган отун базаларына кошумча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында 2 отун базасын ачуу пландаштырылууда:

  • Чүй облусу Аламүдүн району Кой-Таш айылы, Чынгыш көчөсү, контур 773;
  • Бишкек шаары, Нижняя-Аларча, Киргизская көчөсүндө.

Түштүк аймактарда 8 отун базасын ачуу пландалууда. Тактап айтканда, Ош облусунун аймагында 5:

  • Ноокат районунда – 1;
  • Кара-Кулжа районунда – 1;
  • Араван районунда – 1;
  • Алай районунда – 1;
  • Өзгөн районунда – 1;

Баткен облусунун аймагында 3:

  • Лейлек районунда – 1;
  • Кызыл-Кыя шаарында – 1;
  • Баткен районунда – 1.

Жумгал районуна караштуу бардык айылдарында көмүрдүн 1 тоннасы 3015 сомго чейин бекитилген.

Ал эми “Балыкчы” көмүр базасында көмүрдүн бир тоннасына 4 322 сомдон сатылууда.

admin

Recent Posts

«Кыргызкөмүр»ишканасынын кызматкерлери үчүн киберкылмыштардан коргонуу боюнча маалыматтык жолугушуу

2025-жылдын 15-майында "Кыргызкөмүр" мамлекеттикишканасында борбордук аппараттын жамааты менен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын…

2 недели ago

Энергетика министринин орун басары иш сапарында бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насип Асматович 2025-жылдын 4-майында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ыссык-Көл…

3 недели ago

КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү.

КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү. Жамаат "Пригородный" айылындагы…

1 месяц ago

«Маркай» көмүр кени: 2025-жылы ишке киргизиле турган инвестициялык долбоор

«Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Маркай» участогу – 2025-жылы Кыргыз Республикасында ишке киргизилиши пландалган. Бул долбоор Сузак…

1 месяц ago

«Кыргызкөмүр» МИ көмүрдү экспорттоо ишмердүүлүгүндө бардык катышуучуларга тең жана адилеттүү шарттарды түзүү принциптерин карманып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундарынын көмүрдү экспорттоо…

1 месяц ago

Жогорку Кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн көмүрдү экспорттоо маселеси боюнча төмөнкүдөй маалымат билдирет.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында…

1 месяц ago