2024-жылдын 31-августунда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында «Урмизан-3» аталышындагы көмүр кенинин расмий ачылуу аземи өткөрүлдү.Ачылыш аземге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана коомчулуктун өкүлдөрү, инвесторлор, ишкерлер катышты. “Урмизан-3” көмүр кени 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 3 000 000 АКШ долларын түздү. Көмүр кенинде 26 адам эмгектенип, жайгашкан аянты 5 гектар. Дагы бир ачылыш азем «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын карамагындагы “Загара 2″ көмүр кени Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында жайгашкан. Көмүр кени 100% мамлекеттин карамагында болуп, инвестициялык долбоордун көлөмү 5 000 000 АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде 77 жумушчу иштеп, жайгашкан аянты 16,78 гектар. Мамлекеттик ишкана калкты күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде сапаттуу, арзан көмүр отуну менен камсыздоо жана көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды алып барууда.
Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы…
Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында тынымсыз иш алып…
2024-жылдын 16-сентябрында, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйыны болуп өттү. Мындай…
Жумгал районунун аймагындагы күз кыш мезгилине болгон даярдык күч. Көмүр кесимдеринде кара алтынды казуу иштери…
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында Шахтерлордун кесиптик мааракеси белгиленди. Өткөн кышкы жылытуу сезонунда 1 миллион…
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагынан мамлекеттик "Урмизан-3" көмүр кенинин…