Categories: Новости

«Маркай» көмүр кени: 2025-жылы ишке киргизиле турган инвестициялык долбоор

«Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Маркай» участогу – 2025-жылы Кыргыз Республикасында ишке киргизилиши пландалган. Бул долбоор Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан «Маркай» көмүр кенинде ишке ашырылууда. Жакында эле жеринде коомдук угуу өткөрүлүп, ага райондук деңгээлдеги мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган участок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-февралындагы №35-р тескемесинин негизинде лицензияланган (лицензия №7275 СЕ), ал 2043-жылдын 8-январына чейин жарактуу. Участок Жалал-Абад облусунун Сузак району менен Ош облусунун Өзгөн районуна чектеш жайгашып, жалпы аянты 292 гектарды түзөт. Көмүрдүн жалпы запасы 8 915 000 тонна деп бааланууда. Баштапкы этапта 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу пландалууда. Долбоор аймактык өнүгүүгө чоң салым кошуп, 60тан ашуун жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орду менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Жылдык казуу көлөмү 50 миң тоннаны түзөт деп күтүлүүдө. Учурда техникалык долбоорлор боюнча эксперттик корутундуларды алуу процесси жүрүп жатат. Экологиялык талаптарга ылайык коомдук жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү калк долбоорду колдоого алгандыгын билдирип, расмий протокол кабыл алынган. Белгилей кетүүчү жагдай – «Маркай» участогу 2025-жылы ишке киргизилиши пландалган Кыргыз Республикасынын 128 ири өндүрүштүк долбоорунун катарына кирет. Долбоор көмүр тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында ишке ашырылууда.
admin

Recent Posts

Кытайлык инвесторлор менен кызматташуу: “Кыргызкөмүр” жетекчилиги Кара-Кече кесиминде жолугушуу өткөрдү

Кара-Кече, 27-июнь, 2025-жыл – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун…

1 месяц ago

Кара-Кече кесиминде даярдык жүрүп жатат: жетекчилик сапары

2025-жылдын 27-июнунда КР Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур…

1 месяц ago

Ысык-Көл облусунда «Күч – биримдикте, жеңиш – аракетте!» деген ураан алдында «Кыргызкөмүр»мамлекеттик ишканасынын I спартакиадасы өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусунда "Күч – биримдикте, жеңиш – аракетте!" деген ураан алдында "Кыргызкөмүр"мамлекеттик ишканасынын I спартакиадасы…

2 месяца ago

«Кыргызкөмүр»ишканасынын кызматкерлери үчүн киберкылмыштардан коргонуу боюнча маалыматтык жолугушуу

2025-жылдын 15-майында "Кыргызкөмүр" мамлекеттикишканасында борбордук аппараттын жамааты менен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын…

2 месяца ago

Энергетика министринин орун басары иш сапарында бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насип Асматович 2025-жылдын 4-майында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ыссык-Көл…

3 месяца ago

КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү.

КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү. Жамаат "Пригородный" айылындагы…

3 месяца ago