Кара-Кече, 27-июнь, 2025-жыл – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур Токтобаевич Кара-Кече көмүр кесимине иш сапары менен барып, Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.
Иш сапардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу пикир алмашышты. Жолугушууда көмүр казуу процессинде колдонулуп жаткан технологиялар көрсөтүлүп, кытайлык тарапка өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Талкуунун негизги максаты – Кыргызстан менен Кытайдын тоо-кен тармагындагы кызматташуусун чыңдоо, заманбап жабдууларды киргизүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу болду.
Бул жолугушуу – “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүр тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өндүрүш процессин модернизациялоого болгон аракеттеринин бир бөлүгү болуп эсептелет.
_____________________________________________________________________________________________
Сотрудничество с китайскими инвесторами: руководство ГП “Кыргызкомур” провело встречу на разрезе Кара-Кече
Кара-Кече, 27 июня 2025 года – Заместитель генерального директора государственного предприятия «Кыргызкомур» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики Амантур Турсуньязов совершил рабочую поездку на угольный разрез Кара-Кече, где встретился с инвесторами из Китайской Народной Республики.
В ходе визита стороны обсудили текущую ситуацию в угольной отрасли Кыргызстана, обменялись мнениями о возможностях сотрудничества и познакомились с технологиями, применяемыми при добыче угля. Китайской стороне были продемонстрированы производственные мощности и инфраструктура разреза.
Основной целью встречи стало рассмотрение перспектив совместной реализации инвестиционных проектов, внедрение современных технологий и укрепление двустороннего партнёрства в горнодобывающей отрасли.
Данная встреча является важным шагом на пути к расширению международного сотрудничества в угольной сфере и модернизации производственных процессов.
2025-жылдын 27-июнунда КР Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур…
Ысык-Көл облусунда "Күч – биримдикте, жеңиш – аракетте!" деген ураан алдында "Кыргызкөмүр"мамлекеттик ишканасынын I спартакиадасы…
2025-жылдын 15-майында "Кыргызкөмүр" мамлекеттикишканасында борбордук аппараттын жамааты менен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насип Асматович 2025-жылдын 4-майында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ыссык-Көл…
КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү. Жамаат "Пригородный" айылындагы…
«Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Маркай» участогу – 2025-жылы Кыргыз Республикасында ишке киргизилиши пландалган. Бул долбоор Сузак…