«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Маматов Кайрат Сүлүктү шаарына иш-сапары менен барды. Бул аймакта мамлекеттик ишканага таандык «Сүлүктү 11-талаа» аталышындагы көмүр кени жайгашкан. Башкы директор Кайрат Маматов алгач Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен жолугушуп, көмүр кенин иштетүүдөгү айрым маселелерге токтолду. Жергиликтүү калкты арзан көмүр менен камсыздоо саясатынын айланасында сөз жүрдү. Андан соң областтын жетекчилиги менен да жолугушуулар болду.
Быйыл иштетилип, элге көмүр бермекчи болуп жаткан кен жаңы технологиялык жабдуулар менен иштетилмекчи. 45 компания ишке тартылат. Сүлүктү көмүрүн экспортко чыгаруу да күн тартибинде турган маселелерден.
Кара-Кече, 27-июнь, 2025-жыл – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун…
2025-жылдын 27-июнунда КР Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Турсуниязов Амантур…
Ысык-Көл облусунда "Күч – биримдикте, жеңиш – аракетте!" деген ураан алдында "Кыргызкөмүр"мамлекеттик ишканасынын I спартакиадасы…
2025-жылдын 15-майында "Кыргызкөмүр" мамлекеттикишканасында борбордук аппараттын жамааты менен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насип Асматович 2025-жылдын 4-майында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ыссык-Көл…
КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү. Жамаат "Пригородный" айылындагы…