Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн көмүрдү экспорттоо маселеси боюнча төмөнкүдөй маалымат билдирет.
Жыйында эскерилген токтом — КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-мартында кабыл алынган №119 токтому.
Аталган токтомго ылайык, КРнын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынган жана бул чектөөлөр КРнын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү ташып чыгууда (экспорттоодо) КРнын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» МИ жайылтылбайт деп көрсөтүлгөн.
Аталган чектөөлөрдүн негизги максаты — ички рынокто, өзгөчө күз-кыш жылытуу мезгилинде көмүр тартыштыгын алдын алуу, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, көмүрдүн баасынын туруктуулугун кармоо, калкты арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу, көмүр контрабандасына бөгөт коюу, экспортко чыккан көмүрдүн баасын реалдуу наркка шайкеш келтирүү, көмүр өндүрүүчүлөрдүн кирешесинин жана салык базасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
«Кыргызкөмүр» МИси көмүр экспорттоо ишмердүүлүгүндө бардык катышуучуларга тең жана адилеттүү шарттарды түзүү принциптерин карманат. Сатып алуулар толугу менен ачык-айкын жол-жоболор аркылуу жүргүзүлөт жана ага ички рынонктун бардык мүчөлөрү — көмүр казып алуучу ишканалар, шахталар жана башка кызыкдар тараптар катыша алышат. Көмүр өндүрүүчүлөргө эч кандай тоскоолдуктар жок.
Экспортко чыгуучу көмүрдүн маркасы «Кыргызкөмүр» МИси тарабынан эмес, чет өлкөлүк импортерлордун суроо-талабына ылайык аныкталат. «Кыргызкөмүр» ишканасы импортерлорду белгилүү бир маркадагы көмүрдү сатып алууга мажбурлоого укуктуу эмес. Башкача айтканда, көмүрдүн ири же майда фракциясын тандоо укугу импортёр тарапка таандык, жана «Кыргызкөмүр» ишканасы аларга белгилүү бир маркадагы көмүрдү сатып алууну талап кыла албайт. Бүгүнкү күндө да түшкөн суроо-талаптарга ылайык, көмүр өндүрүүчүлөр көмүр сатууга укуктуу.
Белгилей кетүүчү жагдай — келишимдер көмүрдүн ар кандай маркаларын, анын ичинде майда көмүрдү (БСШ маркасы) да камтыйт. Бул марка боюнча эч кандай чектөөлөр жок.
Учурда көмүр экспортун жөнгө салуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы №707 токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ал эми темир жол аркылуу көмүр экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан жөнгө салынбайт. Ошондуктан, көмүр өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк кардарлар менен түз келишимдерди түзүү аркылуу иш алып барууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүндө ачыктыкты, адилеттүүлүктү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды негизги принцип катары карманат. Ишкана ички рынокто көмүргө болгон суроо-талапты тыкыр көзөмөлдөп, зарыл учурларда көмүр тартыштыгын алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен катар, экспорт маселелерин да акыйкат жана тең атаандаштыкта жүргүзүп келет.
КР Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты бүгүн ишембилик өткөрүштү. Жамаат "Пригородный" айылындагы…
«Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Маркай» участогу – 2025-жылы Кыргыз Республикасында ишке киргизилиши пландалган. Бул долбоор Сузак…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундарынын көмүрдү экспорттоо…
Кара-Кечеде жумуш вахталык ыкма менен жүрөт. 15 күндөн эки нөөмөттө иштешет. Жумушчуларды ташууда атайын вахталык…
Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу жумуштары уланууда. 2нөөмөттө иш жүрүп жаткан көмүр кенде түнкү сменде…
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коллегиялык жыйын болду. Коллегиянын ишине министрликтин алдындагы 14 энергетикалык чарбалык…