Categories: Новости

Бүгүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйыны болуп өттү

2024-жылдын 16-сентябрында, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйыны болуп өттү. Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Жыйын мындан ары өз ара ишенимди, конструктивдүү жана натыйжалуу кызматташтыкты, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин боордош элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түздү.
Отурум Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекттердин (Азербайджан, Казахстан, Түркия, Узбекистан, Кыргызстан) жана байкоочу катары Түркменистан менен Венгрия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.
Жыйында катышкан өлкөлөрдүн ортосунда энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө, аймактык технологиялар жана жашыл демилгелер борборун түзүү, Энергетиктердин арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдештерди жыл сайын өткөрүү, энергетика министрлеринин кийинки жолугушуусун өткөрүү ордун аныктоо маселелери каралып, кошумча энергетика тармагындагы ар кандай суроо-жооптор түрүндө талкуу болду.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө жалпы жыйындын катышуучуларына кайрылып, ар бир өлкө менен болгон кызматташуу, алардын буга чейинки энергетика тармагын биргеликте өнүктүрүүгө кошкон салымдары жана колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип өттү. Аны менен катар бүгүнкү жыйын ТМУга мүчө мамлекеттер үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
“Урматтуу кесиптештер! Бүгүнкү саммит – Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыгын жана өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө жолундагы дагы бир кадам болуп эсептелет.
Жашыл энергия булактарын түзүү жана жашыл энергияны дүйнөлүк рынокторго ташып чыгаруу көптөгөн өлкөлөрдө энергетикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Кыргыз Республикасында гидроэнергетикалык долбоорлор жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча кызматташуунун кеңири потенциалы бар.
Түрк мамлекеттеринин энергетика министрликтерине энергетикалык каттамдарды диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну жана келечектүү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууну сунуш кылам.
Өткөрүлгөн энергетика министрлеринин отуруму эки тараптуу жана көп кырдуу кызматташтык маселелерин, Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтык, өз ара мамилелерин жана потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, — деди КРнын энергетика министри Т.Ибраев.
Катышуучулар түрк мамлекеттеринин жашыл энергия булактарын, анын ичинде күн энергиясын, сууну, шамалды жана башка кайра жаралуучу ресурстарды изилдей турган Түрк мамлекеттеринин уюмунун колдоосу астында технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борбор түзүү маселесин кароого даяр экендиктерин билдиришти.
Тараптар түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын жеткирүү жана алмашуу жаатында кызматташууну улантууга даяр. Министрлер бүтүндөй аймак боюнча жашыл энергетикалык коридорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана буга байланыштуу Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда жашыл энергияны өнүктүрүү жана өткөрүп берүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы прогрессти кубатташты.
Министрлер энергетикалык натыйжалуулук энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун жана энергетикага өтүүнүн негизги куралдарынын бири экендигин баса белгилеп, бул жаатта кызматташууну кубатташат.
КРнын энергетика министри Т.Ибраев ТМУга мүчө мамлекетер ортосунда кесиптик чеберчилик боюнча мелдешти биринчи Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады. Министрлер тажрыйба жана билим алмашууга, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин энергетиктери арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өткөрүүнү колдошту.
Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевге Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлеринин 4-жыйынынын ишин ийгиликтүү жетектегендиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, кыргыз тараптын жылуу меймандостугун жогору баалашты.
Жыйындын катышуучулары сүйлөшүүдө бир катар маселелер талкууланганын жана Кыргызстан менен энергетика тармагында мындан ары да кызматташууга, өлкөлөр ортосунда кандай сүйлөшүү болсо анын баарын ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдун Энергетика министрлеринин ортосунда энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө биргелешкен Коммюникеге кол коюулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Минисрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев,
Азербайджан Республикасынын энергетика министри Шахбазов Парвиз Октай оглы, Туркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Чонкар Ахмет Берат, Казакстан Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Есимханов Сугнат Куатович, Өзбекстандан энергетика министринин орун басары Маматкаримов Бахтиёр Рустамович, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Стараи Петр жана Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин элчиликтери (Туркменстан, Азербайджан, Вергрия, Казакстан, Туркия) жана тараптардын тийиштүү кызматкерлер катышты.
Previous
Next
admin

Recent Posts

Жумгалдагы социалдык мекемелерге көмүр жеткирилүүдө

Жумгал районунун аймагындагы күз кыш мезгилине болгон даярдык күч. Көмүр кесимдеринде кара алтынды казуу иштери…

1 неделя ago

«Кара-Кечеде» шахтёрлор күнү белгиленди

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында Шахтерлордун кесиптик мааракеси белгиленди. Өткөн кышкы жылытуу сезонунда 1 миллион…

2 недели ago

Ош жана Баткен облустарында жаңы эки көмүр кени ачылды

2024-жылдын 31-августунда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында "Урмизан-3" аталышындагы…

3 недели ago

Түштүктө «Урмизан-3» көмүр кени иштеп баштады

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагынан мамлекеттик "Урмизан-3" көмүр кенинин…

3 недели ago

Түштүктө жаңы көмүр кени ачылат

Эртен "Загара" көмүр кенинин расмий ачылышы өткөрүлөт "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу…

3 недели ago

2024-жылдын 19-августунан тартып Кара Кече – Баш-Кууганды жолуна суу себилип башталды

«Кыргызкөмүр» МИнын «Кара-Кече» филиалы 2024-жылдын 19-августунан тартып, Кара Кече – Баш-Кууганды жолуна суу сээп баштады.…

4 недели ago