Кыргыз Комур

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Кайрат Маматов ишкананын Кара-Кече филиалында жыйын өткөрдү. Иш-чарага «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Борбордук аппаратынын жана Кара-Кеченин кызматкерлери катышты.
Өткөн 2024-жылы 1 миллион 491 миң тонна көмүр өндүрүп, коюлган тапшырманы ашыгы менен аткарган тармактын алдында дагы бир топ милдеттер турат. Ал эми быйылкы жаңырган жылдын алгачкы бир айында аталган көмүр кенинде 165,6 миң тонна көмүр казылса, 306 миң куб. топурак кыртышын ачуу иштери жүргүзүлгөн.
Жамаат менен жолугушууда Башкы директор Кайрат Маматов келечектеги милдеттерди аныктап, өндүрүштү талаптагыдай иштетүү менен коюлган тапшырмаларды так аткаруунун жолдорун айтты.
Previous
Next

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *